Соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү Чүй облусунда кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин киргизилишинин жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Санжар Исабаев жана топтун мүчөлөрү Чүй облустук прокуратурасына, Аламүдүн РИИБине, Ысык-Ата РИИБине, Райондор аралык экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына, Чүй облустук сотуна барып, прокурорлор, тергөөчүлөр, тергөөчү судьялар менен жолугушууларды өткөрүштү.
2019-жылдын 1-январынан баштап сот-укуктук реформанын алкагында “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри” ишке киргизилди. Бул сотко чейинки иш-чаралар, процессуалдык иш-аракеттер, кылмыш иши же жоруктардын ишинин жүрүшү, кылмыш соттук иши боюнча арыздангандар жана катышуучулар жөнүндө киргизилүүчү маалыматтардын электрондук базасы.