Дайыма көзөмөлгө муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар ата-энелерди колдоо максатында 2019-жылдын 1-январынан тарта 4 миң 900 сомдон айлык төлөнө баштады. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, майып балдардын ата-энелерин колдоо максатында мамлекет социалдык кызматтын "жеке ассистент" деген жаңы түрүн киргизди. Ага республикалык бюджеттен жыл сайын 420 миллион сом талап кылынат.
Ата-энесине, мыйзамдуу өкүлдөрүнө жана жакын туугандарына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балага кам көрүүнү улантууга, мамлекет тарабынан каржылык колдоо алууга, ошону менен бирге келечекте пенсия алуу мүмкүнчүлүгүн жоготпоого шарт түзөт.
Жеке ассистент баланы багуу боюнча социалдык-тиричилик кызматтарды көрсөтүүдөн тышкары реабилитациялоонун жеке программасын ишке ашырууда балага көмөк көрсөтөт. Бул ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын жашоо шартына жана өрчүшүнө оң таасирин тийгизет.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө 29,9 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала жашайт. Анын ичинен 6 миң бала ар дайым көзөмөлгө муктаж.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балага дайыма кам көргөн ата-энелерге акы төлөө шарттары жөнүндө токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдын 27-ноябрында кол койгон.