"Xiaomi" компаниясына таандык ийилме смартфон көрсөтүлдү. Бул тууралуу белгилүү инсайдер Эван Бласс социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялаганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ийилме смартфон башка телефондордон айырмаланып турат. "Бул смартфондун экраны үч бөлүктөн турат. Эки бөлүгү артка ийилет. Азырынча смартфон тууралуу техникалык мүнөздөмө жок. Телефон чыкпай дагы калышы мүмкүн же башкача болуп чыгышы ыктымал", - деп жазылат маалыматта.