3 камералуу Samsung Galaxy S10 смартфону жарык көрдү. Бул тууралуу дүйнөгө белгилүү инсайдер-технолог Эван Бласс коомчулукка жарыялаганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Аталган смартфон менен сүрөткө тартууда ар кандай дизайндар колдонулат. Муну смартфондун артыкчылыгы деп атаса болот. Samsung Galaxy S10 смартфонунун бет маңдайынын алдында кичинекей камера жайгашкан. Арткы бети жарык эмес, бирок 3 негизги камерасы бар. Ал эми экрандын бармак баскычы дисплейдин төмөн жеринде көрсөтүлүп турат.
Бул смартфон менен сүрөткө тартканда бардык жагын жарык жана толук көрсөтөт.
Эван Бласстын айтымында, Samsung Galaxy S10 смартфону зымсыз да кубатталат. Тактап айтканда, смарт-саат менен да кубаттаса болот.