2019-жылдын 7-февралынан тарта "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзам күчүнө кирет. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын маалымат кызматы билдирди.
Кыргыз мамлекетинин аймагындагы автотранспорт каражаттарынын ээлери милдеттүү түрдө унаасын камсыздандыруусу керек.
Мыйзам долбоорунун максаты - жарандар мүлктү калыбына келтирүү жана дарыланууга кеткен күтүлбөгөн чыгымдардан корголот жана бузулган мүлк үчүн өз убагында жана адилеттүү компенсация ала алышат. Ошондой эле өздөрүнүн жоопкерчилигин камсыздандырган автотранспорт каражаттарынын ээлеринин мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо болуп эсептелет.
Кыргыз мамлекети ЕАЭБдин жана көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин ичиндеги автожарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруусу жок жалгыз мамлекет болуп саналат.