Англияда 77 жаштагы мусулман-лорд Мухаммед Илтаф 25 жыл чогуу жашаган аялы менен ажырашып, 32 жаштагы өзбек кыз Гули Мурадовага баш кошту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Лорддун жаңы алган аялы өзүнүн кызынан 15 жаш кичүү.
Алар 2013-жылы Гули Мурадова кафеде официант болуп иштеп жүргөндө таанышкан. Кыз өз жерине кеткенден кийин британ миллионери артынан барып, алып кеткен.
Ал биринчи аялы менен 2018-жылдын декабрь айында Мурадовага баш кошкондон кийин ажырашкан.
Алардын үйлөнүү тою беш жылдыздуу "Grosvenor House" мейманканасында өткөн. Мурадова учурда Леди Гули аталып, жубайлар Лондондогу бир катар иш-чараларга катышканга үлгүрүшкөн.