Премьер-министр жолдордо паракорлорду аныктоо боюнча туруктуу рейддерди жүргүзүп турууну тапшырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигине жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жолдордо паракорлорду аныктоо жана аларды катуу жазалоо боюнча туруктуу негизде атайын рейддерди жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин учурдагы башкы милдети өлкө жолдорунда коопсуздукту камсыздоо экенин айтты. "Айрым милиция кызматкерлери өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттери менен жарандардын нааразычылыктарын жана сын-пикирлерин жаратууда. Бул Ички иштер министрлиги өз ишин жакшыртуу жана коррупциялык тобокелдиктердин тамырын кыркуу боюнча таасирдүү чараларды көрүүгө тийиш экенин айтып турат. ИИМ жолду тартипке келтирүү сыяктуу кеңири жана абдан зарыл иштерди акча табуу ыкмасы катары караган кызматкерлерден арылуусу керек. Дал ушул Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери жол коопсуздугу тармагындагы реформалардын башкы кыймылдаткыч күчү болуусу кажет. Башкы милдет – айдоочулар жол кыймылынын эрежелерин бузбоого тийиш. Жол кырсыктарынан адамдарыбыз майып болуп жана өмүрлөрү кыйылбашы керек", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министрдин айтымында, жарандар жол кыймылынын эрежесин бузгандар үчүн жаңы айыптардын натыйжалуулугуна Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын милдеттерин так аткарбаган, өздөрү сактоого милдеттүү болгон мыйзамдарды бузууга барган кызматкерлерине жана сапаттуу алдын алуу иштеринин жок экендигине байланыштуу күмөн санап жатышат.

Ошондой эле өлкөдө автоунаалардын санынын өсүү тенденциясын эске алуу менен премьер-министр жол кыймылын, айрыкча борбор шаардын кыймыл жыш болгон жолдорунда башкаруу механизмдерин жакшыртуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
zevs
2019-01-05 19:28:24
Ozunor parakor bolsonor bawkalar tem bolee jeytda.itak murunku 200 azyr 1000 som bolup kaldy gailerdin stavkasy.bir jyl otsun rezultatyn ozunor korosunor. Mindaycha aytkan karapayim elge bagy jokko dagy jok boldu
+1
edu.kg.
2019-01-05 19:52:23
Бул рейдди укан жолдогу ХХХХХХХХХХ ушул рейддик шылтоо менен ошолорду карматып бергиле. Мосто турат тиги кочодон чыкпайт деп наалып калчу эленерго шоопурлар.
+2
zevs
2019-01-05 20:19:52
Negizi murunku wtraf menen ele taza iwtegende byudjet norm ele tolmok
0
eddi.
2019-01-05 20:22:39
МАИ кызматкерлерине результат керек эмес чөнтөгүнө керек
+2
zhykyo
2019-01-05 22:55:25
Штраф кобойду деп Гаиден качкандар кобойобу деген ой келди очойгон штрафты тологучо качып кеткеним жакшы деп токтобой анан кырсык кобойбосо болду
0
atai9292
2019-01-05 23:29:49
Штрафты көтөрүштөн алдын жолду тегиз стандартка ылайык кылып алып анан көтөрсөңөр туура болмок беле. 10 км Яма,чуңкур жолдо 20да жүрөсүң машинеңин асты тийип нерв болуп келип эми 1км жакшы жолдо жол арбытып алайын деп эми ылдамдыкты ашырсаң алдыңан чыгатко кашайып.ХХХХХХХХХХ барып ошол жаман жерде турчу көрөйүн деп ХХХХХХХХ
0
AksyKum
2019-01-05 23:50:00
Аа жакшы жолдогу паракорлорго рейд жүргүзөт экенсинер а ак үйдөгү паракорлоргочу?
+3
brentfo
2019-01-06 02:35:47
Tuura kuchotush kerek.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан