Бишкек мэриясы көчөлөргө мыйзамсыз орнотулган оюн-зоок каражаттарын алууда

Бишкек мэриясы шаар ичине мыйзамсыз орнотулган көңүл ачуучу оюн-зоок конструкцияларын алууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Бишкек шаарынын мэриясы эс алуу күндөрү мыйзамсыз жана өз билемдик менен көчөлөрдө орнотулган ар кандай көңүл ачуучу каражаттарды алып жатат. Жыйынтыгында күчтү ченөөчү 2 аппарат (силомер), дөңгөлөктүү фото-будка, 3D компьютердик аттракциону жана жол жээгиндеги соодагерлердин арабалары алынган.
Мындай текшерүү 5-январь күнү Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында жүргүзүлгөн. Мэриянын кызматкерлери "уруксаты жок орнотулган оюн-зоок каражаттары электр энергиясын мыйзамсыз сарптап жатат" деген жүйө менен аталган иштерди аткарышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zhanybekov030303
2019-01-06 15:10:55
Туура мыйзамсыз болуп турган оюн зоокту алганынар жакшы ал жердеги балдар элдин акчасын шыпырып жатат мыйзамсыз калп оюндарды уюштуруп !! мэрия жакшы иштеп баштаган окшойт!
+2
Rystambekkg
2019-01-06 16:30:11
Бишкек Шаарынын Депутаты Куванычбек Конгантиев озу Козомолдоп иштетсе кайдан алмак эленер ертен кайра алып келип берестнер озунор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан