ЭЛДИК КАБАР: "Ноокен айыл өкмөтүндө электр чубалгылары кишинин башына илинип кала тургандай ылдый" дейт окурман

Ноокен районунун Ноокен айыл өкмөтүндөгү Параканда айылында электр чубалгылары адам бою менен тең болуп бошоп калган. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирип, анын адамдарга коркунуч жаратып жатканын айтат.

"Эки мамынын ортосунан өтсөң башың зымга тийчүдөй. Кар калың жаай турган болсо үзүлүп жерге түшүп кала турган. Бул жер калктуу аймак болгондон кийин бала-бакыра, мал-жан өтөт. Атчан адамдар жүрөт. Ылдыйлап бошоп калган зымга байкабай моюнунан илинип калса эмне болот? Жергиликтүү электриктерге айтсак, келип көрүп кетишкен, бирок жыйынтык боло элек. Ошондой эле электр мамыларынын баары Советтер Союзу мезгилинен бери келе жатат, эскирип чирип калган", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
senchi
2019-01-06 15:37:21
Качан ток урганда кыймылдашат
0
AksyKum
2019-01-06 15:55:00
Бул высоко вольт эмес ар ким ар кандай тартып алган же РЭС тартып бердиби
-1
Batma08
2019-01-06 16:19:07
Кызыктуу жанылыкго
0
Bars88
2019-01-06 16:34:57
Эми ушуну жазгыча,озунор эле бир монтёр таап эле тартырып коюш керек да.
0
Antalyamanavgat
2019-01-06 16:35:36
Дарактарга тийип калыптыр го кесиш керек дарактарды
+1
mirlanpiter
2019-01-06 16:37:17
Ууру кирбейт түнү, күндүзү киргенден да коркот
+1
souza.j
2019-01-06 22:15:15
Мындай койгой ар бир айылда болсо керек. Бизде да бар
0
DNurgiza
2019-01-07 03:44:45
КОшуналар чогулуп, акча чогултуп жаңы мамыра, кабель сатып алсаңар, анан РЭСке арыз менен кайрылсаңар, жакшынакай кылып, тартып, улап беришет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан