
АКШ аялдарга карата сексуалдык зомбулук көрсөтүү боюнча эң коркунучтуу 10 мамлекеттин катарына кирди. Мындай социалдык сурамжылоону Reuters агенттиги 2018-жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып жүргүзгөн.
Маалыматка ылайык, АКШда жана төмөндө саналган өлкөлөрдө аялдарга болгон зордук-зомбулук, сексуалдык зомбулук жана кулчулук факторлору көп катталган. Ушундай эле критерийлер менен аялдарга зордук-зомбулук көрсөткөн 10 мамлекеттин катарына: Сауд Арабия, Пакистан, Афганистан, Сирия, Сомали, Йемен, Нигерия, Индия жана Конго өлкөсү кирет.
Мындан тышкары Афганистан менен Сауд Арабия өлкөлөрүндө аялдардын ден соолугуна жакшы кам көрүлбөйт. Аталган мамлекеттерде, тескерисинче, ден соолугу начар аялдар басмырлоого алынат.
АКШ аялдарга карата сексуалдык зомбулук көрсөтүү боюнча жогоруда аталган мамлекеттердин сап башында турат.