Африкадагы Бенин өлкөсүндө Орус жарандарын деңиз каракчылары барымтага алып кетишкенин орусиялык басылмалар жазып жатышат.
Маалыматтарда белгилүү болгондой, окуя 2-январь түнү болгон. Анда Гвинея булуңундагы Котону портунда ачык деңизге чыгып бара жаткан контейнер ташуучу MSC Mandy кемесине деңиз каракчылары тарабынан кол салуу болгон. Бортто Орусиянын 23 жараны жана Украинанын 1 жараны болгон.
"Кол салгандар 7-10го чукул адам. Алар экипаж мүчөлөрүн курал жана бычактар менен коркутуп, 6 Орус жаранын алып кетишкен. Бортто калган башка адамдар жабыркашкан эмес", - деп жазылат маалыматта.
Учурда Орусиянын Нигерия жана Бениндеги консулдугу барымтага алынган адамдарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан учуру. Ал эми кеме Гвинея булуңунда кемеказыгын (якорь) түшүрүп токтоп турат.