Сауд Арабиянын бийлиги сотторго күйөөсү жашыруун ажырашып алган аялдарга СМС жиберип турууну буюрду. Мындай маалыматты "Би-би-си" кызматы жазды.
Киргизилген жаңы тартип эркектердин аялдарына айтпай сот аркылуу ажырашып, башка никеге туруп алуу фактыларын ачыктоого жардам берет. Эми сауд арабиялык аялдар күйөөлөрү алар менен ажырашып кеткендиги тууралуу маалыматты СМС аркылуу биле алышат. Ошондой эле аялдар бул маалыматты алган соң алимент төлөтүп алуу укугуна да ээ болот. Буга чейин белгилүү болгондой, эркектер аялдарына айтпай жашыруун ажырашып алгандыгы боюнча сотко арызданган кайрылуулар болуп келген.
Жаңы тартип мураскер ханзаада Мохамед бин Салман киргизип жаткан жаңы реформанын бир бөлүгү болуп саналат. Өткөн жылы Сауд Арабияда аялдарга унаа айдоого уруксат берилген. Мындан тышкары аялдар спорттук мелдештерди, футбол көрүүгө, аларга күйөрмандык кылууга да уруксат алышкан.
Ошентсе да аялдар жасай албаган көп нерселер бар. Алар күйөөсүнүн же башка эркек кишинин (агасынын, атасынын, инисинин) уруксаты жок паспорт алууга, турмушка чыгууга, чет мамлекетке чыгууга, банктан эсеп ачууга жана денесине пландалган операция жасатууга укугу жок.