Дональд Трамп: "АКШнын аскерлери Сириядан кыска убакыттын ичинде чыгып кетет деп убада берген эмесмин"
"Мен АКШнын аскерлери Сириядан кыска убакыттын ичинде чыгып кетет деп убада берген эмесмин". Мындай пикирин АКШнын лидери Дональд Трамп журналисттерге билдиргенин чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.
Трамптын айтымында, аскерлердин чыгып кетиши Сириядагы абалдан көз каранды.
"Биздин аскерлердин Сириядан кыска убакыттын ичинде чыгып кетиши жөнүндө эч качан айткан эмесмин. Ооба, АКШнын аскерлери Сириядан чыгып кетет. Бирок бул кадам качан гана "Ислам мамлекети" ишин токтоткондо ишке ашат", - деген Трамп.
АКШ лидери бул жолу да так мөөнөттү айткан эмес. Трамп АКШ аскерлерин Сириядан чыгаруу чечимин 2018-жылдын аягында билдирген.