АКШда 10 жылдан бери комада жаткан аял төрөдү

АКШда 10 жылдан бери комада жаткан аял наристелүү болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар полиция кызматкерлеринин маалыматына таянып жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, АКШнын Аризона штатындагы ооруканалардын биринде комада жаткан аял кош бойлуу болуп, дени сак наристе төрөгөн. Оорукананын кызматкерлеринин айтымында комада жаткан аял мындан 10 жыл мурда сууга чөгүп ооруканага келип түшкөн. Бейтап ошондон бери эсине келе электигин айтышкан. Ал эми дарыгерлер анын кош бойлуу экенин толгоосу келе баштаганда билишкен. Мындай окуядан кийин ооруканадагы жалпы эрежелер өзгөрүп, тагыраагы, эркек дарыгерлер бейтаптарды жакындарынын коштоосунда гана карай алышат.

Финикс шаардык полиция департаменти комада жаткан аялдын зордукталганын айтып, учурда териштирүү иштерин баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
rysik79
2019-01-07 09:45:50
Тоообоооо. Комадагы аялды зордуктап жургон адамды такалаш керек. Наристеде эмне айып. эми мамасы жок кантет. Атасын таап мойнуна илиш керек.
+13
kechirmeni
2019-01-07 09:59:05
тообо, комада жаткан аял эмне кыла алат деп бироосу ХХХХ экен да
+7
zhykyo
2019-01-07 10:19:42
Жасалма куюп корушкон экспермент дешип
+5
Nevestkaa
2019-01-07 10:20:18
Бизде врачтар деле наркоздо жаткан бейтаптарды кармалап сармалап ыплас аракеттерди кылат дегенди укканмын бирок көзүм мн көрбөгөм.
+11
bond
2019-01-07 11:02:23
Некрофилдерден айрымасы жок экен да.
+3
Skarlett-Skarlett
2019-01-07 11:05:08
Врачтардын баары жаман эмес.Шумдук кабар экен.Жийиркеничтуу окуялар кобойуп кетти,тооба....
+7
deva
2019-01-07 11:54:50
Эркек дарыгерлердин баарынан ДНК алып текшериш керек
+12
Aikaaaa
2019-01-07 18:50:54
deva,врачтардын эле колунан келди
+4
taalay25
2019-01-07 13:56:16
Мына сага Америка, мына сага демократия
+7
Busi06
2019-01-07 19:06:26
taalay25,каяктагы Демократия?
+3
Busi06
2019-01-07 19:07:38
Тан калыштуу окуя экен,комада озуну билбей эчнерсе жебей жаткан аялдын боюндагы бала кантип чонойду энеси 1нерсе жесе ал деле азыктанып чоноймок да бул просто сказка эмеспи?
-1
taalay25
2019-01-07 20:26:33
Busi06,ким айтты сага комадагы адам азыктанбай жатат деп?
+2
PROS
2019-01-07 20:48:12
Шариат боюнча эркек врач бейтап аялдарды күйөөсүнүн алдында же туугандарынын алдында карашы керек! ДемокЯтия, демокЯтия АКШда свобода деп кыйкыргандар үчүн сабак болсун!
+2
Azatbek.Svoboda.
2019-01-25 21:51:29
PROS, Туура айтасын
0
Azatbek.Svoboda.
2019-01-25 21:52:30
Эмне дешти да билбейсин!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан