Милицияга ишенбесең милицияга чал! Өкмөттүн дагы бир тамашасыбы?

Ички иштер министрлиги мыйзам бузган милиция кызматкеринин үстүнөн даттануу үчүн ишеним телефондорун жарыялады.

Андагы маалыматта укук коргоо органдарынын кызматкерлери бийлик өкүлү катары айрым учурда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып опузалоо, коркутууга, мыйзам бузууга барып, ал гана эмес кылмыш жасашы ыктымалдыгы айтылат.

"Милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери боюнча ИИМдин Ички иликтөө кызматынын 0704 99 99 18 жана ИИМдин нөөмөт бөлүмүнүн 0312 66 23 31 телефон номерлерине чалып кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз", - деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматынан.

Бирок ишеним телефонго чалган адамдар кайра өздөрү куугунтукка кабылып калбашына эч кандай кепилдик жок. Белгилей кетүүчү нерсе, ИИМдин буга чейин деле ар кандай ишеним телефондору иштеп келгени жаңылык эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kechirmeni
2019-01-07 12:24:34
Ушуну туура кылышты
+1
tular
2019-01-07 12:26:50
Показуха, карга карганын козун чокубайтда?!
+8
zevs
2019-01-07 13:11:01
Iimge chalyp 7000 som bergenche ozuno 1000 som bersen kutulasyn.
+3
souza.j
2019-01-07 14:20:43
Чалалы балдар тазаланалы дешип. Борборлоштурулган коррупция системасы журуудобу
+1
zevs
2019-01-07 14:26:17
Toobo azyrky chondordun kozuno akchadan bawka ech nerse korunboy kalgango uwul nerseni bawka jok menen chechse da bolot elego.
0
PROS
2019-01-07 20:29:31
Видеого тартып сайтка жарыялай турган кылса жакшы болмок. Коомчулук билип турса жакшы эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан