АКШнын Нью-Йорк шаарында жашаган 11 жаштагы Кэмерон Жан-Пьера Рождество майрамында чоң энесинин үйүнө конокко барып, ошол жактан каза болуп калганын чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Анда жазылгандай, өспүрүмдүн балыктан аллергиясы болгон, ал күнү ашканада балык да куурулган.
Кэмерон балыкты жегени же жебегендиги азырынча белгисиз.
"Жакындары балыктын өтө күчтүү жытынан ага дем жетпей калган деген божомолдорду айтышууда. Ата-энеси баласынын өмүрүн сактап калуу аракеттерин көргөнү менен, натыйжа чыккан эмес. Өспүрүм эсин жоготкондо "Тез жардам" чакырышкан. Бирок бала ооруканада каза болгон. Жакындары аны балыктын жытынан улам аллергиясы козголуп көз жумду деп айтышкан. Азырынча анын өлүмүнүн себебин аныктаган экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Өспүрүмдүн жакындарынын божомолуна полиция кызматкерлери да кошулууда", - деп жазылат маалыматта.