"Коомчулукка ачылды". Путиндин кызы делген Катерина Тихонованын телеканалдан чыгуусу талкууга алынды

Дүйнөгө белгилүү лидерлердин үй-бүлөсү тууралуу маалыматтар коомчулукта дайыма кызыгууну жаратып келет. Мына ошондой лидерлердин бири Орусиянын президенти Владимир Путин кыздары жөнүндө коомчулукка бир дагы жолу маалымат берип ачыктаган эмес. Бирок орусиялык ЖМКлар Путиндин кыздары эмне менен алектенери тууралуу бир топ иликтөөлөрдү жүргүзгөн.

Мындан бир ай мурда Орусиянын "Россия" телеканалына "Инопрактика" фондунун жетекчиси Катерина Тихонова ата мекендик технологиялар тууралуу комментарий берген. Ал биринчи жолу видеого түшүүгө макул болгон. Коомчулукта кайрадан Тихонова Орусиянын президенти Владимир Путиндин кичүү кызы деген кептер айтылууда.

Катерина Тихонова алгачкы ирет 2015-жылы орусиялык "Интерфакс" маалымат агенттигине интервью берип, бирок өзүнүн сүрөтүн чыгарууга каршы болгон. Ошол учурда журналист Олег Кашин Тихонова Путиндин кызы экенин айтып чыккан. Бул маалыматты Reuters агенттигине өздүк булактар да тастыктаган.

Ал эми Путиндин маалымат жыйынында журналисттер Катерина Тихонова тууралуу суроо беришкен. Бирок Орусия президенти "мен эч качан үй-бүлөмө байланыштуу суроолорду талкуулабайм, алар бизнес же саясат менен алектенишпейт" деп жооп берген. Путин бир гана америкалык режиссёр Оливер Стоунго интервью берип жатып, улуу кызынын аты Мария экенин, ал илим менен алектенерин билдирген.

"Менин кыздарым илимий изилдөөлөр менен алектенишет. Ошондой эле муктаж адамдарга кайрымдуулук иштерин жасашат. Алар өздөрүнүн иштерин жасоодон ырахат алышат. Кыздарымдын мындай кадамы мени сүйүнтөт", - деген Путин.

Катерина Тихонова таенесинин аты-жөнүн алып жүрөт. Тактап айтканда, Путиндин мурдагы аялы Людмила Путиндин апасы Екатерина Тихонованын фамилиясына өткөн. Тихонова канчанчы жылы төрөлгөнү тууралуу расмий маалымат тараткан эмес. Бирок журналисттердин изилдөөсүндө Катерина Тихонова 1986-жылы 31-августта төрөлгөн болушу мүмкүн экени айтылат. Тихонова Путин аскердик кызматын өтөп жүргөндө Дрезденде жарык дүйнөгө келген. Ал 1986-жыл болгон..

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ady-88
2019-01-07 21:56:23
Людмила Путина деп жазылатго дейм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан