Сауд Арабия өлкөсүндө биринчи жолу кыздарды стюардесса болуп иштөөгө мамлекет тарабынан уруксат берилди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, стюардессалардын биринчи группасы жетиштүү билим алып, ушул айдан тарта ишке киришет. Алдыдагы 2 жыл ичинде жалпы 300 стюард жана стюардесса кызматкерлерин даярдоо планы бар. Маалым болгондой, кыздардын формалары өлкөнүн салтына ылайык тигилет. Аталган кызматты аркалагысы келгендер бул багытта алган билими болушу жана англис тилин билүүсү керек. Ал эми бою жана салмагы эл аралык авиациялык стандарттарга ылайык тандалат.
Мындан бир жыл мурун Сауд Арабияда аялдарга биринчи жолу айдоочулук күбөлүгүн алуу үчүн окууга жана таксист кызматкери болуп иштөөгө уруксат берилген.