АКШда мугалим жашы жете элек өспүрүмдөргө спирт ичимдигин жана баңги затын бергендиги үчүн камалды

Америка кошмо штаттарынын Кентукки штатында жашаган Линдси Льюис аттуу мугалим жаңы жылдык кечеде окуучуларга спирт ичимдигин жана баңги затын бергени үчүн кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, кече мугалимдин үйүндө өткөн. Болжол менен ал жакта 40 киши болгон. Анын 14ү 18 жашка чыга элек өспүрүмдөр болуп чыккан.

Жаңы жылдык кечеден кийин Линдси Льюистин коңшулары полиция кызматкерлерине кайрылышкан. Алар мугалим жана анын коноктору коңшулардын жеке мүлктөрүнө зыян келтиришкенин билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан