Түркиядагы Текирдаг шаарында 24 жаштагы кыз сүйүүсү жоопсуз калгандыгы үчүн сүйгөн жигитин атып өлтүргөн. Бул тууралуу жергиликтүү түрк маалымат булактары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Филиз аттуу айым жумушунан чыгып алып, Мехмет аттуу кесиптеши менен сейилдөөгө чыгышкан. Ошол учурдан пайдаланган Филиз Мехметке сүйүүсүн арнап, ага турмушка чыгуу ниети бар экендигин билдирген. Бирок кыз ойдогудай жооп албаган соң чөнтөгүнөн куралын алып чыгып, атып салган.
Мехмет ошол жерден каза болгон. Ал эми полиция кызматкерлери кыздын өзүнө-өзү кол салуусун алдын алганга жетишкен.