Бразилияда кылмышкер UFC`нин мушкерине кол салууга аракеттенип, өзү сабалганы айтылды

Бразилияда кылмышкер UFC`нин мушкерине кол салууга аракеттенип, өзү ур-токмокко кабылды. Көпчүлүк кылмышка барууну ойлогон киши туура эмес жерди жана туура эмес адамды тандап алган деп айтышууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Белгилүү болгондой, жакында эле эркиндикке чыккан киши Рио-де-Жанейродо жайгашкан турак жай комплекстеринин биринин жанында такси күтүп турган сулуу кызды көрүп, аны тоноону ойлойт.

Жабырлануучу кыз "ал мага жакын басып келип, саат канча болгонун сурады. Мен ага жооп бердим. Бирок ал аны менен кетип калгысы келген жок. Ал мага каршылык көрсөтпөй, уюлдук телефонумду берүүмдү талап кылды" деген.

Тоноочу жасалма куралын алып чыгып коркутууну уланткан. Бирок жыйынтыгында өзү ур-соккуга кабылып, полиция кызматкерлерин чакырууну өтүнгөн. Себеби ал тонойм деген кыз UFC`нин мушкери Полиана Виан болуп чыккан.

Бул тууралуу кийинчерээк мушкер айым өз оюн билдирип "ал мага абдан жакын турган. Мен 2 ирет колум менен, 1 ирет бутум менен тепкенде ал кулап калды. Өз ордуна койгон соң полиция кызматкерлерин күтүүсүн айттым" деген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
warcaw
2019-01-07 20:19:13
Жайлаптыр, 2 и эле удар жетишиптир эле 3- сү ашыкча болуптур ...
+3
Lukman-Hakim
2019-01-07 21:38:11
Таэнесин эмизип коюптур го. Азамат кыз экен!
-1
souza.j
2019-01-07 21:56:20
Ушул кызды ким алар болду экен. Коркпой
0
aerforce
2019-01-07 22:41:12
Өткөндө кыздардын бойун көрүп көчөдө жөнөкөй эркек тийишсе мамалатып сабайтко деп күлдүм эле ошол ойлогон окуя болуптур байкуш жигит түшүнбөй калган болсо керек көзүн ачса эле жерде жатат ))))))))
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан