Аламүдүн районунда азык-түлүк дүкөнүнүн кампасынан чыккан өрттү өчүрүү иштери уланууда

Аламүдүн районундагы "Шекер" азык-түлүк дүкөнүнүн өрттөнүп жаткан кампасында өрт өчүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрт чыккандыгы тууралуу маалымат ӨКМнын нөөмөт бөлүмүнө саат 15:57де келип түшкөн.

"Дүкөндүн кампасынан чыккан өрт саат 19:28де чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, учурда 4 өрт өчүрүү тобу өрт чыккан жерде иштеп жатышат. Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, кырсыктан жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан