Дүйнөлүк банктын президенти Жим Йонг Ким мөөнөтүнөн мурда отставкага кетет. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматына таянуу менен чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Ким ушул жылдын 1-февралынан тарта президенттик кызматын токтотот.
"Жетекчинин ордунда мекеменин аткаруучу директору Кристалина Георгиева убактылуу иштеп турат. Ким аталган кызматка 2012-жылы келген. 2016-жылы директорлор кеңеши аны президенттикке кайра шайлаган. Кимдин экинчи мөөнөтү 2022-жылы аяктамак", - деп жазышат басылмалар.
Ким аталган чечимди өз ыктыяры менен кабыл алганын айтып, мындан ары жеке бизнес менен алектенерин кошумчалаган. Ал АКШнын жараны.
Дүйнөлүк банк 1945-жылы түзүлгөн. Башкы кеңсеси АКШнын Вашингтон шаарында жайгашкан. Кыргыз өлкөсү аталган эл аралык уюм менен 1992-жылдан бери иштешип келет.