АКШда бала багуучу чарчап калган наристенин жансыз денеси менен тез тамактануучу жайга барып келген

АКШнын Висконсия штатында бала багуучу чарчап калган 2 айлык наристени ата-энесине аны уктап жатат деп ишендирип кайтарып берген. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, 28 жаштагы Марисса Титсорт каза болгон наристеге комбинезон кийгизип, унаадагы атайын наристелер үчүн отургучка жаткырып, жумуш берүүчүлөргө тапшырган. Ал эми экспертизанын жыйынтыгында наристе апасынын колуна тапшырылган учурдан бир нече саат мурда каза болгону аныкталган.

Каза болгон наристенин апасы Меган Ройс алгач эч кандай шектүү нерсени байкаган эмес. Бир канча убакыттан кийин гана ал уулунун дем албай жатканын жана денеси муздап калганын түшүнгөн. Кийин белгилүү болгондой, кылмышкер наристенин каза болуп калганын билип, бирок өлтүргөнүн моюнуна алган эмес. Ал эми бала багуучу өзү 6-наристесин күтүп жаткан учуру. Буга чейин ал балдарына катаал мамилеси үчүн айыпталып келген. Айыпталуучу наристенин апасы келгенге чейин аны сактап калуунун ордуна наристенин жансыз денеси жана улуу баласы менен тез тамактануучу жайлардын бирине барып келгени белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Berliane123454
2019-01-08 20:23:17
Кайран дуйно...
0
Skarlett-Skarlett
2019-01-08 21:25:17
Мыкаачы
+1
Nevestkaa
2019-01-09 08:30:57
Кебетеси эле коркунучтуу го ушул ажыдаарга баласын кантип ишенип таштады.Энесинде да күнөө бар 2 айлык наристени таштап нени кыйратып жүрдү экен.
0
Zaina
2019-01-09 09:11:02
Силер тушунбойсунор, бул жакта декретный отпуск деген нерсе жок, 1 айлыкпы же 2 айлыкпы бала багуучу жандашат же яслиге беришет. Иштебесе болбойт, баары кымбат. Или карьераны токтотуп уйдо отуруш керек, если куйоон жакшы акча тапса.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан