Бүгүн, 8-январда Индияда 200 миллиондой жашоочу жалпы элдик иш таштоого чыгышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, нааразычылыктын башында жергиликтүү профсоюздун лидерлери жана коомдук кыймылдар турат. Нааразы болгон эл бийлик өкүлдөрүнө эмгек акы менен пенсияны көтөрүү талабын коюшкан.
Айрым маалыматтарда нааразычылык зомбулук актылары менен коштолгондугу айтылууда. Ал эми Керала штатынын түштүк тарабында митингдин катышуучулары темир жол жана бир нече жол кыймылдарына бөгөт коюшуп, ыңгайсыздык жаратышкан.
Кийин митингге чыккандардын катарын өнөр жай, банк, камсыздандыруу жана транспорт кызматкерлери толукташканы маалым болду. Аларды колдоп артынан студенттер, фермерлер жана федералдык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кошулушкан.