Кытайдын Пекин шаарында 20 мектеп окуучусуна белгисиз адам бычак сайып кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Белгисиз адамдын кол салуусунан 3 мугалим жана башталгыч класстын 20 окуучусу кабылып, оор жаракат алышкан. Окуя бүгүн, 8-январда саат 11:17лер чамасында болгон. Алардын абалы оор болуп, Пекиндеги ооруканалардын бирине жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Кылмышка шектүү полиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлүп, бирок эмне себептен мектеп окуучуларына кол салганы тууралуу маалымат берүүдөн баш тарткан.
Акыркы жылдары Кытайда кичинекей балдарга карата зомбулук иштери күч алган. 2018-жылдын октябрь айында Кытайдагы бала бакчалардын биринде тарбиячы ашкана бычагы менен 14 баланы сайып, жарадар кылган. Ошондой эле 2017-жылы дагы Кытайдын Пинсян шаарындагы бала бакчада тарбиячы аял 11 балага бычак сайган.