СУПЕРСТАН: "Азыркы учурда жаштардын эң көйгөйлүү маселелери кайсылар?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Азыркы учурда жаштардын эң көйгөйлүү маселелери кайсылар?" деген тема талкууга алынган.

Автор: "Урматтуу окурман бул теманы эмнеге козгоп жатканымды баарыңыздар жакшы түшүнүп турсаңыздар керек. Албетте, жаштардын келечегине кайдыгер карабасаңыздар бул жерге өз ой-пикирлериңиздерди калтырып кетсеңиздер, балким, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарууга өбөлгө түзүлөр" деген билдирүүсүн калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Эң башкы маселердин бири жумушсуздук болсо экинчиси миграция. Азыр жаштарыбыздын гана эмес, жумушка жарактуу жарандарыбыздын чет мамлекеттерге эмгек мигранты болуп кетип жатышат. Кыргыз өлкөсүндө жумуш болсо башка жерде кимдин эле жүргүсү келсин".

- "Абдан туура маселе. Билим тармагы өтө эле төмөндөп кетти. Жаштар эң жөнөкөй эле нерсе орус тилин билбей жатышат. Аларды көрүп зээниң кейийт. Мектептерде билим берилип эле жаткансыйт. Айрыкча айыл-кыштактарда окуп келген жаштардын билим деңгээли аябай төмөн болуп жатат. Бирок биздин келечегибиздин ээлери жаштар да".

- "Үй маселеси да орчундуу. Канчалаган жаштар батирлеп жүрүшөт?! Тапкан акчасынын баары батирдин ижара акысына кетүүдө".

- "Эң негизги маселе эскирип бүткөн азыркы заманга такыр жараксыз окуу системи. Анан туура эмес жүргүзүлүп жаткан кадр саясаты жана идеологиянын жоктугу. Бул боюнча мамлекетте оңдуу программа да жок болсо керек".

- "Жаштардын да күнөөсү бар. Жалкоо болуп калышты. Даяр нерсеге барып отуруп калгылары келишет".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан