ЭЛДИК ВИДЕО: Орусиядагы Кыргыз жараны өзү отурган жерге эки жолу түкүрүп, колундагы акчасын айып пулга деп көрсөттү

Социалдык тармакта Орусияда эмгектенген мекендешибиздин эки ирет түкүрүп, колундагы 10 миң рубль акчасын айып пулга берем деген видеосу талкууга алынды. Анда Кыргыз жараны иштеген жеринен кыска видео тартып, буларга токтолгон.

"Эгер биз түкүрүп мамлекетти карызынан куткара турган болсок, анда мен дагы өз салымымды кошом. Акча даяр, берем. Кыргыз өлкөсүнүн карызы жок болсун, элибиз тынч жашашы керек. Керек болсо дагы бир жолу түкүрөм. Айып пул 10 миң рубль болсун. Ак үйдүн алдына барып түкүргөн жердешиме кошумча болсун", - деген ал өз сөзүндө.

Түкүргөн адамга 5 500 сом айып пул салынат деген чечим коомдо кайчы пикирлерди жаратууда. Тагыраагы, айрымдары айып пулдун суммасы жогору десе, айрымдары бул мыйзам тазалыкты сактоо үчүн туура чечим экенин билдиришкен.

Маалым болгондой, Ак Үйдүн жанына түкүрүп, аны видео аркылуу жарыялап, бийликке кайрылуу жасаган жаран милиция бөлүмүндө сурак берген.

2019-жылдын 1-январынан тартып эреже бузуу жөнүндө кодекс ишке кирген. Анда коомдук жайларда түкүргөндөргө 5 500 сом айып пул салуу каралган.

Орусиядагы Кыргыз жараны иштеп отурган жерине түкүрүп, 10 миң рубль айып пул төлөөгө даяр экенин билдирди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Abramovich
2019-01-08 17:37:36
Озундун мамлекетине тукурбой эле салымынды кошсон болбойт беле.
+4
altyn7776
2019-01-08 17:46:19
Ушундай конулду айланткан ХХХХ кобойду. Эртен эле чыгат жуну жулунган короздой болуп кайра кечирим сурап. Кечирим сураса ит эле болот эми.
+6
Wold
2019-01-08 17:46:44
Эч кандай таасири жок безтолк видео. Жөн гана позор адепсиз кыргыздар.
+4
voennyi88
2019-01-08 17:54:51
2019 тукурук баатыр.
+4
Muratmipa
2019-01-08 18:06:18
Сени ким тукурбо деди тукуро бер эч ким сана штраф салбайт болгону коомдук жайда какырып кукуруп тукурбош керек негизи
+3
warcaw
2019-01-08 18:52:13
Ким алыска түкүрө алат деп, оюн уюштуруш керек экен анда
+2
Begimay.emir1
2019-01-08 19:05:32
Этиканы билбейбиз, уйундо деле тукуруп корчу аялын не кылат экен. Ошондуктан кыргызтанды булгабайлы. Тукуро турган дагы жер бар—«ВАННА»
+6
Michelangelo
2019-01-08 19:43:54
Ичкен кудугуна тукурбо! Ошол иштеп жаткан өлкөнү сыйлап койсоң боло..
+5
zevs
2019-01-08 20:42:55
Tazalykty saktasa urna ornotsun usloviya tuzup bersin owondo tukurboy kalat ozu ele.azyr kochodo tawtandy tawtagan chelek tappaysyn. Konul aylansa oldu ekenda bir ay beler iwteysin.
+1
Aza030393
2019-01-09 00:08:30
Мыйзамды карапайым элге эле чыгара бербей бийлик озунордон баштасанар туура болмок! 1).Олум жазасын киргизгиле (16 жашка чейинкилерди зордуктагандарга жана мамлекетте иштеген чиновник депутаттарга) деп туруп олум жазасын киргизгиле анан тиги эки жуздуу сотторунарды алмаштырсанар боло туп тамыры мн. анан кичине алдыга жылайлы десе эле назад болот го уят эле башка мамлекеттерге(
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан