Бириккен Араб Эмираттарында төөлөрдүн арасында сулуулар сынагы уюштурулду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, уюштуруучулар төөлөрдүн табигый сулуулугун баалаган комитет түзүшкөн. Сынакка жалпысынан 25 миң төө катышкан. Сынактын баш байгеси 56 миң доллар.
Аталган сынак 2-3 жылдан бери уюштурулуп келет. Баш байгеге чоң суммадагы акча коюлгандыктан айрымдар төөлөрдүн келбетин жасалма жол аркылуу жакшыртууга аракет кылган учурлар болгон.