Бишкектин Биринчи Май райондук администрациясы: "Кодекстер күчүнө киргенине 8 күн болгону менен түкүрүккө байланыштуу эреже тууралуу бизге айтыла элек"

1-январда күчүнө кирген административдик кодекстин 71-беренесинде таштандыны атайын каралган жерлерден башка жерге ыргытуу, өрттөө жана түкүргөн адамдарга 5500 сом айып пул салуу каралган. Айып пул салуу жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт.

Бүгүн, 8-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук администрациясына баш багып канча адамга айып пул салынганын сурадык. Райондогу Транспорт, курулуш жана коммуналдык чарба боюнча бөлүмдүн башчысы Дамир Абдиев коомдук жайда түкүргөн адамга айып пул салууну биринчи жолу угуп жатканын айтты.

"Биз таштанды өрттөгөндөрдү, туура эмес жайда тамеки тартып, таштанды таштагандарды карайбыз. Бирок түкүргөндөр боюнча биринчи жолу угуп жатам. Менимче, түкүргөн боюнча берене жок, көрө элекмин. Анткени жаңы кодекстер күчүнө киргенине 8 күн болгону менен тааныша элекмин. Башкача айтканда, материалдар бизге келе элек. 7 күн эс алуу болуп, бүгүн гана жумушка чыктык. Ошондуктан азырынча түкүрүк боюнча бизде түшүнүк да жок. Кодексте болсо, айып салабыз.

Биз болгону жогорудагы мен айткан үч маселени гана карайбыз. Мэриянын алдында экология боюнча инспекция бар. Ошолор эреже бузулганы боюнча протокол түзүп, аны бизге алып келишет. Аны 10 күндүн ичинде карап чыгабыз. Убактысы өтүп кетсе "кайра карап келгиле" деп өздөрүнө жиберебиз”, - деп жооп берди Абдиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
salimbek87.kg
2019-01-09 07:44:19
Мисал үчүн коомдук жайда түкүрсө кее адамдар 5500айып салабы? Мисал кее бир адамдар түкүрүш адат болуп калган анан да кее бир адамдар аш казан оорусу же зенееси кайнап түкүрө берет ал жагы кандай болот түшүнбөгөнүм сурадым кечиресиздер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан