Кум-Бел көмүр кениндеги абалды изилдөө боюнча мекемелер аралык жумушчу комиссия түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, жумушчу комиссиясына Транспорт жана жолдор министрлиги, Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитети, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы, Өкмөттүн Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү кирген.
"Учурда Өзгөн жана Сузак райондук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү тарабынан Кум-Бел көмүр кенинде түзүлгөн кырдаалды изилдөө боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Суунун белгилүү нормаларга ылайык келүүсүн аныктоо үчүн тийиштүү үлгүлөр алынды. Мекемелер аралык жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы боюнча Кум-Бел көмүр кенинин мындан аркы иши, аны иштетүү боюнча тиешелүү сунуштар киргизилет", - деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.
"ЭЛДИК КАБАРга" байланышкан окурман Кум-Бел көмүр казуучу кенинен ыплас, ыш аралашкан суу агып чыгып, Зергер суусуна кошулуп жатканын кабарлаган эле. Ал "Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Байылдын эли ушул суудан ичет. Сууга кошулуп жаткан ылай суу жаман заттар менен ичүүчү сууну булгап жатат. Ушул маселеге жогору жактан көңүл бурулушун талап кылабыз", - деген.