Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан Кум-Бел көмүр казуучу кенинен ыплас, ыш аралашкан суу агып чыгып, Зергер суусуна кошулууда. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.
"Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Байылдын эли ушул суудан ичет. Сууга кошулуп жаткан ылай суу жаман заттар менен ичүүчү сууну булгап жатат. Ушул маселеге жогору жактан көңүл бурулушун талап кылабыз. Башта кыргыздар иштетип келген кен болчу. Учурда аны кытай компаниясы иштетет. Зергер айыл өкмөтүндө 12 000ден ашык калк жашайт. Ошончо эл суу алып ичкен жер булганууда. Мындан тышкары 40 тонналык жүк ташуучу унаалар менен ары-бери көмүр ташып каттай беришип, жолдун баары бузулган", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.