Түркмөнстанда мектептердин, ооруканалар, административдик мекемелердин жана башка бардык мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин президент Гурбангулы Бердымухамедовдун ак чачы менен түшкөн сүрөтүн сатып алып кара чачтуусуна алмаштырууга мажбурлашууда. Мындай маалыматты Түркмөнстандын жергиликтүү эркин басылмалары жазды. Анда белгилүү болгондой, Түркмөнстанда мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери негизинен өз чөнтөгүнөн акча чыгарып, жыл сайын президенттин сүрөтүн алмаштырып турушат.
Президент буга чейинки сүрөттөрүндө кара чач менен түшүп келген. Эми Түркмөн башчысынын чачын ак аралаган. Мекемелердин кызматкерлери ак чачтуу президенттин сүрөтүн сатып алуу үчүн акча чогултушууда. Анын жаңы сүрөттөрү 5 манаттан (болжол менен 100 сомдон ашык) сатылууда. Мыйзам боюнча Түркмөнстанда президенттин портрети ооруканаларда, мектептерде, министрликтерде, укук коргоо кызматтарынын кабинеттеринде, спорттук объектилерде, концерттик залдарда, аэропорттордо жана учактардын салондорунда да илинип туруусу шарт.
Буга чейин полиция кызматкерлери элдин үйлөрүн кыдырып, президенттин портрети тагылып турган үйлөр болсо, аны алдырып турушкан. Муну менен катар тартип сакчылары мекемелердин дааратканаларын да кыдырып келген учурлар болгон. Эгерде дааратканада президенттин сүрөтү түшүрүлгөн газета-журналдар болуп калса, тартип бузгандар иштен айдалып, административдик жазага тартылат.