"Ош базарынын" аймагындагы Киев-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде иретке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаарындагы Ленин районунун акиминин биринчи орун басары Чынасыл Чыныбаев билдирди.
"Декабрь айынын ортосунан баштап 15-январга чейин "Ош базарынын" айланасында мыйзамсыз, башаламан сооданы иретке келтирүү боюнча бир айлык жарыяланган. Бүгүнкү күндө Киев-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде башаламан соода кылгандарды иретке келтирүү иштери улантылууда. Бул эки көчөнүн кесилиши толугу менен тазаланып бүттү. Андан сырткары, Киев-Токтогул көчөлөрүнүн ортосундагы жол тилкеси, Токтогул-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган мөмө-жемиш саткан жайма базары да иретке келтирилди. Андан сырткары, базардын ичин да тазалоо иштери жүрүүдө", - дейт Чыныбаев.
Айта кетсек, Жаңы жылдын алдында "Ош базарынын" аймагында тартип күчөтүлгөн. Анда жолдун четинде, аллеяда, базардын тегерек четинде башаламан соода кылгандарды иретке келтирүү иштери жүргүзүлгөн.