ЭЛДИК КАБАР: "Бишкек шаардык мэриясынын алдында кызматкерлер тамеки чегип, түкүрүнүп турушат. Аларга чара көрүлөбү?" дейт окурман

Бишкек шаардык мэриясынын алдында кызматкерлер тамеки чегип, түкүрүнүп турушат. Топтошкон эркектер кеткенден кийин карасаң жердин баары түкүрүк. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.

"Мыйзам карапайым элге эле иштейт. Жөнөкөй адам ошол жерден тамеки чексе айып салышмак. Дегеле шаардын кайсы жеринде түкүрүп, кайсы аймактарда тамеки тартса айып салынат? Эч кимдин маалыматы жок. Түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй туруп эле "бөрк ал десе баш алып" жаткандарына таң бересиң. Андай болсо тамеки тартууга тыюу салынган жерлерге белги коюп чыгышсын", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Бишкек мэриясынын алдында кызматкерлер тамеки чегип, түкүрүнүүдө дейт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aman0296
2019-01-09 11:33:14
Мэрияда иштеген юристертер ушундай кылышса, карапайым элге соз жок да.
+1
AksyKum
2019-01-09 11:40:29
Мыйзам карапайым калк үчүн эле
+2
Muslim_KGstana.
2019-01-09 12:42:17
Элди тонойбуз дешет,ушундай ыкма менен чондордун айласин кетириш керек,ар бир баскан кадамын андып тартып ,интернетке чыгарып айыпка жыгыш керек )) хаха
0
Modric10
2019-01-09 16:38:59
Балекет тема болду тукурук
0
nursiyanur
2019-01-09 16:58:38
эми элдин баары бири бирин андып журо турган болдуго телефонун которуп алып,ким тукурду,ким чекти деп
+1
Ermekbai
2019-01-09 21:33:45
Мамлекеттик кызматкерлерди аңдып видеого тартып интернетке көбүрөөк салгыла.
0
Ermekbai
2019-01-09 21:34:23
Зарылбек Рысалиевдин түкүргөнүда соц тармактарда жүрөт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан