Ош шаарынын Кулатов кичи районундагы чакан базар аллеяга айланат. Андагы соода жайлары алынат
Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлагандай, учурда Кулатов кичи районундагы чакан базарды бузуу иштери башталды. Анын ордуна аллея курулат. Мындан улам андагы соода жайларды алып салуу иштери жүргүзүлөт.
Маалым болгондой, аллея курула турган жерде жайгашкан айрым кафелердин кожоюндары муну туура түшүнүү менен кабыл алып, өз ыктыярлары менен кафелерин буза башташкан. Арасында базарды аллеяга айландыруу ишине каршы чыккандар да бар.
"Бардык соодагерлерге эскертүүлөр берилип келген, аларга башка жактардан соода жайлары каралып жатат. Жер муниципалдык болгондуктан соодагерлерге соода орундары берилет деген убада айтылган жок. Аллеянын курулушуна каршы болуп жаткан соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Ал эми Кулатов кичи районундагы тургундар аллеянын курулушун колдоого алып, тездетүү керектигин айтышууда. Анткени калк жыш жайгашкан Кулатов кичи районунда эс алуучу жай жок. Аллеянын узундугу 850 метр болуусу болжолдонууда", - деп айтылат маалыматта.
Маалыматта белгиленгендей, учурда ал аймакта 80ден ашуун майда соода түйүндөрү бар.