Көчөдө тамеки чегип, түкүрүнгөн милиция кызматкерлери боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Алардын бирине айып салынуусу мүмкүн

Буга чейин милициянын үч кызматкери жол четиндеги дүкөндүн алдында туруп тамеки тартып, алардын бири жерге түкүрүнгөнү тартылган видео интернетке тараган. Бүгүн, 9-январда Чүй облустук милициясы жаңы тартипти бузган милиция кызматкерлеринин видеосу боюнча SUPER.KG'ге түшүндүрмө берди. Облустук милициянын басма сөз өкүлү Нургүл Нусупованын айтымында, алар тамекини Аламүдүн районунун аймагында уруксат берилген жерде чегип жатышкан. Бирок М.М. аттуу милиция кызматкери туура эмес жайга түкүргөнү аныкталганын белгиледи.

"8-январда Чүй ОИИББинин ички кызматтык иликтөө бөлүмү тарабынан атайын текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында М.М. 1-январда күчүнө кирген "Эреже бузуу жөнүндө" кодекстин 71-беренесин бузганы аныкталган. Тийиштүү айып пулду салуу үчүн чогултулган материалдар Аламүдүн районундагы Лебединовка айыл өкмөтүнө жиберилди", - деди Нусупова.

1-январда "Эреже бузуу жөнүндө" кодекс күчүнө кирген. Ага ылайык, коомдук жайларда түкүргөн жеке жактарга 5 миң 500 сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып пул салынат. Ал эми тыюу салынган жайда тамеки тарткан жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып салынат.


Тамеки тартып, түкүрүнгөн милиция кызматкерлери
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Shaa-82
2019-01-09 10:55:05
Акчасы коп бейм))) тамаша.
+1
Rystambekkg
2019-01-09 10:55:31
Бири бирин андымай башталды
+2
Bars88
2019-01-09 11:25:08
Заправка туратго.Видеого тартып далилдеп атса дагы качышат.Башкасын кантип моюнуна коёсунар тукургон жокмун десе.Же экспертизадан отобу
0
gul3ina
2019-01-09 11:54:18
Мыйзам милицияларга келгенде кандай уруксат берилген жер болуп чыга келди.Озулоруно келгенде ушинтип ар кайсы шылтоону таап чыгышат.
+2
kaRa-4aPan
2019-01-09 15:33:58
Кайдагы айып,жумуштан айдаш керек айып төлөгүдөй бул катардагы жаран эмес.
0
Gulnyr19
2019-01-09 21:06:03
Ха ха ха аңдымай башталды кечээги ваисаптан келген роликтегидей мойнуңарга банка илип алгыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан