Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду: "Кайыңды кабель заводу" кытайлык компанияга сатылган эмес

Чүйдөгү "Кайыңды кабель заводу" кытайларга сатылган эмес, ал штаттык режимде эле иш алып барууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда SUPER.KG порталына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун басма сөз кызматынан билдиришти.

"2017-жылы декабрь айынын башында "Кайыңды кабель заводу" сатыкка коюлган. Бирок кийин сатыктан кайра алынган болчу. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна аталган заводдун 24,79 пайызы таандык. Калган акциялар жеке адамдардын колунда", - деп билдиришти аталган фонддон.

Буга чейин завод алынган насыяларды төлөп бере албаганына байланыштуу кытай компаниясына өткөндүгү тууралуу айрым маалымат каражаттары жазып чыккан. Ал маалыматка ылайык, кытай компаниясы жергиликтүү 200 тургунду жумуш менен камсыздап, жалпы инвестициянын көлөмү 50 миллион долларды түзө тургандыгы да айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан