СУПЕРСТАН: "2018-жылы сүйгөн кызым башка жигитти тандап кетти". Өткөн жыл сиз үчүн эмнеси менен эсиңизде калды?

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "2018-жыл эмнеси менен сиздин эсиңизде калды?" деген тема талкууга алынган.

Талкууга келген билдирүүлөр:

"Жалпысынан ийгиликтүү жыл болду. Жогорку окуу жайын аяктап, жумушка кирдим. Андан соң турмушка чыктым".

"Бул жылы 1 өтүк, 1 көйнөк, 1 жемпир, 1 шым алыпмын. Калганы мурунку жылдардын көрөңгүсү. Дагы белимде грыжа бар экенин билдим. Батир котордум, арзанын араң таптым. Эч ким менен деле урушкан жокмун. Жакшы сөз көп уктум. Кабырга кайыштырган жоготуу болгон жок. Байлык топтогон жокмун, бир күндүк менен жашаганга туура келип жатат. Башка эсте каларлык нерсе жок. Жеке жашоом болсо каккан казыктай жылбай турат".

"2018-жыл жакшы жылдардан болду деп айтсам жарашат. Бир нече максат, тилектерим ишке ашты. Бирок сүйүү жаатында ийгиликсиз жыл болду. Чогуу иштеген сулуу кызга ашык болуп, кесиптештердин арасында тамаша иретинде болсо да чакан "той" өткөрдүк эле. Тилекке каршы, мен ашык болгон кыз өзүнүн Санкт-Петербургда иштеген жигитин тандап кетти. 2019-жылы чыныгы сүйүүнү кезиктирем деген үмүттөмүн".

"2018-жылдын январь айында экинчи кызымды жарык дүйнөгө алып келдим. Ал эми июнь айында дипломумду алдым. Сентябрь айында атамдын эжеси каза болду. Мына ушул менин бул жылдагы урунттуу учурларым. Калган айлар кызымды карап, үй жумуштары жана интернеттеги социалдык тармактар менен алаксып жатып эле өттү".

"2018-жыл жакшы жылдардан болду. Эң башкысы башта аманчылык, тууган-урук, ата-эне аман. Бул жылы кызматка көтөрүлдүм, кайра түштүм. Анан башка кызматка бардым, андан да кайра түштүм. Иши кылса чыгып-түшүп жүрдүм да. Ошол кызыктуу экен. Сууга болгон фобиямды жойдум, пристандан секирдим. Чөгүп кете жаздап араң калдым дегендей. 2019-жылга романтикалуу эстафета бердим".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан