ЖЫЛНААМА, 9-ЯНВАРЬ: Атактуулукка жеткенде эч кимди теңине албай калганын айткан казакстандык белгилүү продюсер Баян Максат кызы 45 жашка толду

Бүгүн казакстандык продюсер, актриса, ырчы, алпаруучу Баян Максат кызы 45 жашка толду. Ал 1974-жылы 9-январда Казакстандын Уральск шаарында чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Кичинекей Баян апасы, эжеси менен

Кичинекей кезинен өзүнүн сулуулугуна ишенген Баян "чоңойгондо сөзсүз артист болом" деген. Бирок апасынын "мугалим болосуң" деген талабынан чыга албай, келечектеги продюсер туулуп-өскөн жериндеги училищенин филология факультетине тапшырган. 3-курста окуп жаткан кезинде ата-энесине айтпай театралдык окуу жайга которулуп алган. Анын: "Бир күнү практикага жиберип калышты. Класска кирсем 30 окуучу, анын артында комиссиянын мүчөлөрү отурган экен. "Саламатсыңарбы, балдар? Мен Баян Максатовна..." деген боюнча күлкүмдү тыя албай каткыра бердим. Албетте, комиссия "2" деген баа койду. Ошентип мен эч качан мугалим боло албасымды түшүнгөм. Апама келип, "эми театралдык окуу жайдын студентимин" деп айтканымда анын жүзү эсимден кетпейт, "демек, артист..." деп айтарга сөз таппай калган", - деп айтканы бар.

Театралдык окуу жайдын 1-курсунда эле Баян Максат кызы "Махабат бекети" тасмасындагы негизги ролго бекитилет. Анын жараткан образын миңдеген көрүүчүлөр сүйүп, жаш актрисанын атагы алыска кетет. Анда Баян Максат кызы 20 гана жашта эле. "Күйөрмандарды милиция кызматкерлери араң кармап калышчу. Мага көп көңүл бурула бергенинен эч кимди теңиме албай, эски тааныштарыма салам бербей калгам. Көрсө, балалык кылыптырмын. Таанып турсам дагы "мен сизди эстей албай жатам" деп басып кетчүмүн. Кийин театр дагы меники эмес экенин түшүнүп журналистика факультетине тапшыргам", - деген.

Жогорку билимге ээ болгондон кийин ал казакстандык телеканалдардын биринде 6 жыл жаңылыктар түрмөгүн алып барган. "Мага устаттарым "Баян, алга: таштандыга, карыяларга... Анын бардыгын басып өтмөйүнчө сен бышпайсың" дешчү. Мен аларга ыраазымын, себеби мен быштым".

Эфирге чыга баштаган соң Баян камера алдында сүйлөөгө, алып баруучулук күчүн жаралганын түшүнгөн. Убакыттын өтүшү менен алып баруучу тажрыйба топтоп сахнага ырчыларды алып чыга баштайт. Продюсер катары анын көрүнүктүү эмгектери "КешYOU" тобун жана Жанар Дугалованы айтсак болот.

Жеке жашоосу

Баян Максат кызы мурунку жолдошу Бахытбек Есентаев менен 22 жыл чогуу жашагандан кийин ажырашып кеткен. Продюсердин жолдошу жубайына кол салып, жыйынтыгында 9 жылга эркинен ажыратылган.

Түгөйлөрдүн ортосунда 2 кызы бар.

2017-жылдын декабрь айында интернетке сүйүктүүсү Турсенгали Алагузов менен кыскача видеосун жарыялап, алдына Алагузова Баян Максатовна деген билдирүүсүн калтырган. Белгилүү продюсердин бул жарыясынын алдына көптөгөн интернет колдонуучулар билдирүүлөрүн жазышып, түгөйлөргө бакыт каалашкан.

Көп өтпөй түгөйлөр баш кошушканын Турсенгали Алагузов өзү жергиликтүү маалымат каражаттарына тастыктап, сүйүктүүсү анын фамилиясын алганын кабарлаган. Ошондой эле ал үйлөнүү үлпөт тою кийин боло тургандыгын билдирген.

Актриса 2018-жылдын жай мезгилинде "Станция судьбы" тасмасында башкы каармандын образын жараткан. Аталган тасма ушул жылдын 24-январынан тартып коомчулуктун сынына коюлат.

9-январдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Wold
2019-01-09 22:46:26
Ошондо күйөөсү кайсыл атактуу??.
+3
Nariste...12
2019-01-09 23:09:52
Анжеликанын курбусу ошону туурап эле басып журот го
+4
Medina87
2019-01-09 23:50:02
Nariste...12,
Анжеликанын Апкеси Дениз)))))))
+1
Medina87
2019-01-09 23:50:47
Апкеси деген Эжеси деген.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан