Алай райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон жаранды табышууга коомчулуктан жардам сурайт. Ош ОИИБинин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, изделип жаткан Бөрүбаев Алмаз Ысакбаевич аттуу адам 2018-жылдын 1-сентябрынан бери дайынсыз.
"2018-жылдын 1-сентябрь күнү Алай районунун аймагындагы Сары-Таш жайлоосунда Кара-Суу районунун тургуну 1975-жылы туулган Алмаз Бөрүбаев өзүнүн үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз.
Кийген кийимдери үстүнө кара күрмө, бутунда кара түстөгү спорттук бут кийим, спорттук шымчан жана башында кара түстөгү шапка болгон.
Өзгөчө белгилери: бетинин сол тарабында тырыгы бар", - деп билдирет милиция.
Ош ОИИБи бул жарандын жүргөн жерин же ал туурасында маалымат билгендер болсо төмөндөгү телефондорго кабарлап коюуңуздарды суранат. Телефон: 102, 0557 54 00 30; 0773 03 92 12.