Былтыр 25-декабрда Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу өтүнүчүн жиберген. Бул кайрылуу өтүнүчүн Жогорку Кеңештин 6 фракциясы тең колдогон.
Бүгүн, 9-январда "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев ооруканадан абакка которулду. Президент Жогорку Кеңештеги фракция лидерлеринин Текебаев боюнча өтүнүчүнө жооп бербеди. SUPER.KG порталынын "Бул Жогорку Кеңештин өлкөдө чечүүчү күч эместигинин, бийликтин парламент менен эсептешпей калганынын белгисиби?" деген соболуна депутат Кенжебек Бокоев жооп берди.
Бокоев фракция лидерлери жеке өздөрүнүн атынан Текебаевге ырайым кылуу өтүнүчүнө кол койгондугун айтты.
"Азыр көчөдөгү баладан “Кыргыз мамлекетинде өлкөнүн тагдырын ким чечет?” деп сурасаң, ал “президент чечет” деп так айтат. Өлкөнүн тагдырын парламент чечет деп эч ким айтпайт. Бүгүнкү күндө парламенттин деңгээли өтө төмөн, чечүүчү ролу жок. Мындай пикирди көпчүлүк айтып жатат, буга мен деле кошулам.
Ырайым кылуу өтүнүчү менен түрмөдө жаткан киши өзү кайрылышы шарт да. Фракция лидерлери парламенттин атынан эмес, алар жеке депутат катары өздөрүнүн атынан ырайым кылуу өтүнүчүнө кол коюшкан болушу керек. Бул боюнча фракциялардын чечими жок. Текебаев “ырайым сурабайм” деп өзү айтты. Ырайым сураса күнөөлүү болуп калат. Феликс Кулов, Исмаил Исаков бийлик алмашкандан кийин сот тарабынан акталып чыккан. Президент мурунку бийлик убагындагы саясий куугунтукка кабылган жарандарыбызды куугунтуктоону токтотуп, күнөөлүү деп табылгандар мыйзам чегинде өздөрүн сот тарабынан акталганга мүмкүнчүлүк түзүп бериши керек", - дейт Бокоев.
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун, саясат таануучулар Сейтек Качкынбаев, Марс Сариев, юрист Нурбек Токтакунов, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.