Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров: "Сооронбай Жээнбеков Текебаевди актабаса, анда аны мамлекет башчы катары тааныбайбыз"

Былтыр 25-декабрда Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу өтүнүчүн жиберген. Бул кайрылуу өтүнүчүн Жогорку Кеңештин 6 фракциясы тең колдогон.

Бүгүн, 9-январда "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев ооруканадан абакка которулду. Президент Жогорку Кеңештеги фракция лидерлеринин Текебаев боюнча өтүнүчүнө жооп бербеди. SUPER.KG порталынын "Бул Жогорку Кеңештин өлкөдө чечүүчү күч эместигинин, бийликтин парламент менен эсептешпей калганынын белгисиби?" деген соболуна жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров жооп берди.

Ал башка саясий туткунга кабылган адамдар дагы акталышы керек деген пикирде.

"Президент Жогорку Кеңештин 6 фракция лидеринен, Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын кайрылуусуна маани бербей, көңүл бурбай жаткандыгы абдан таң калычтуу. Демек, мунун артында бир мандем бар. Жээнбековдун туура эмес иш-аракеттери жөнүндө Өмүрбек Чиркешовичтин так маалыматы бар болушу мүмкүн. Элдин уулу Өмүрбек Текебаев чыккандан кийин бардыгын айтып коёт го деген коркуу сезими жаралышы ыктымал. Ошон үчүн президент Текебаевди бошотпой жатат.

Ачык айтайын, Сооронбай Жээнбеков ким, Өмүрбек Текебаев ким? Экөөнүн айырмасы асман менен жердей. Алар жаш жагынан тең экен, ал эми билим, көрөңгө жагынан Сооронбай Шарипович Өмүрбек Чиркешовичтен артта эле калат. Текебаев абактан чыкса бардыгын өз ордуна коёт, болгонун болгондой айтат. Жээнбековдун рейтинги абдан төмөндөйт. Ошон үчүн бошотпой жатат. Сооронбай Жээнбеков президенттик мөөнөтүн татыктуу өткөрүп кетейин десе тез арада Текебаевди актап чыгарышы керек. Президент парламенттин, элдин, Утурумдук Өкмөттүн төрайымынын пикирин эске алып, Текебаевди актабаса, аны мамлекет башчы катары тааныбайбыз. Ошондой эле башка саясий куугунтукка кабылган адамдар дагы акталышы керек", - дейт Токтонасыров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кенжебек Бокоев, Исхак Масалиев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун, саясат таануучулар Сейтек Качкынбаев, Марс Сариев, юрист Нурбек Токтакуновдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан