Саясий ишмер Мукар Чолпонбаев: "Президент парламентти укпай койду, анын күчү жок деп айтуу туура эмес"

Былтыр 25-декабрда Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу өтүнүчүн жиберген. Бул кайрылуу өтүнүчүн Жогорку Кеңештин 6 фракциясы тең колдогон.

Бүгүн, 9-январда "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев ооруканадан абакка которулду. Президент Жогорку Кеңештеги фракция лидерлеринин Текебаев боюнча өтүнүчүнө жооп бербеди. SUPER.KG порталынын "Бул Жогорку Кеңештин өлкөдө чечүүчү күч эместигинин, бийликтин парламент менен эсептешпей калганынын белгисиби?" деген соболуна саясий ишмер Мукар Чолпонбаев жооп берди.

Ал бийлик парламент менен эсептешпей калды деген туура эмес экенин айтты.

"Себеби ырайым кылуу президенттин, башка мамлекеттерде падышанын, хандын, императордун укугу. Бул ырайым кылуу деген адамды актап жиберүү, күнөөсү жок деп чечим чыгаруу эмес. Ал өзү айтып тургандай, ырайым кылуу - кечирим деген сөз. Кечиримди адам өзү сурашы керек, ал үчүн бирөө сурабайт. Ал эми Текебаев ырайым сурагысы келбей жатат.

Текебаев дарыланып бүттү. Мыйзам боюнча ал дарыланып бүткөндөн кийин абакка барып жатышы керек. Депутаттар президентке мындай кыл, соттун ишине кириш дегендей буйрук, талап дагы коё алышпайт. Ошондуктан президент парламентти укпай койду, анын күчү жок деп айтуу туура эмес", - дейт Чолпонбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кенжебек Бокоев, Исхак Масалиев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун, саясат таануучулар Сейтек Качкынбаев, Марс Сариев, юрист Нурбек Токтакунов, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан