super.kg logo

Жогорку Сот: "Келдибеков, Бекназаров, Дүйшөбаевдин "Апрель" телеканалына каршы доо арызы толуктоо үчүн кайтарылды"

 

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков, мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров, УКМКнын мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин "Апрель" телеканалына каршы доо арызы толуктоо үчүн кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

"Бул боюнча доо арыз Октябрь райондук сотуна 26-декабрда түшкөн. Соттун аныктамасы менен айрым документтердин жоктугунан 28-декабрда доо арыз 9-январга чейин калтырылган. Бүгүн алардын атайын өкүлү доо арызды, документтерди кайтарып алды. Доо арызды жазып жатканда кайсы сөз үчүн үч саясатчынын кадыр-баркына шек келтирилгени көрсөтүлгөн эмес. Ошолорду толуктоо үчүн доо арызды кайтарып алышты", - деп маалымдады басма сөз кызматы.

Ахматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев оппозициялык “Апрель” телеканалын сотко берген. Буга аталган телеканалда көрсөтүлгөн экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 10-декабрдагы маеги негиз болгон. Доогерлер экс-президент тарабынан өздөрүнө карата такай кемсинткен жана ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген, чындыкка туура келбеген маалыматтардын жарыяланышына жана анын элге таратылышына нааразы. Үч саясатчы ар бири 6 миллион сомдон “Апрель” телеканалынан жана Атамбаевден жалпы 18 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылышууда.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
09.01.2019. 18:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
02-04-2018
Соӊку аракети:
19-01-2019 15:50
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баарын бир табактан аш жегенсинер бири бирине пахта койуп журо бересинер!Качан токтойт интермедия? Чондорду экстерди баарын чогултуп бир комнатада Санта барбара кылып кино тартыш керек экен!
09.01.2019. 20:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
110
Катталган:
20-01-2018
Соӊку аракети:
12-01-2019 12:47
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул уч эргуул элге эмне жакшылык кылышты эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
120965;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: