СССРдин Жогорку Советинин акыркы төрагасы Анатолий Лукьянов көз жумду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, ал 9-январь күнү 89 жашында дүйнөдөн кайткан. Маркум Москва шаарында жерге берилет.
Лукьянов 1976-1977-жылдарда жазылган СССРдин Конституциясынын долбоорунун авторлорунун бири. Михаил Горбачёвдон кийин 1990-жылдын мартынан 1991-жылдын сентябрына чейин СССРдин Жогорку Советинин төрагасы болуп турган. 1993-жылы Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты болуп шайланган.