АКШнын президенти Дональд Трамп Мексика менен чек арага дубал тургузуу иштеринин алгачкы баскычына 5,7 миллиард доллар сураган. Анын алкагында Трамп 9-январда демократтардын лидерлери Нэнси Пелоси жана Чак Шумер менен жолукканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.Анын айтымында, дубал мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүдө жардам берет.
Шайлоо учурунда Трамп дубалды курууга кетүүчү каражатты Мексика төлөй турганын убадалаган. Долбоордун жалпы суммасы 20 миллиард доллардан ашуусу мүмкүн.
Трамптын Мексика менен чек арада дубал курулушун каржылоо боюнча мыйзам долбоорун өкүлдөр палатасы колдоп берген, бирок сенаттагы демократтар каршы болууда.