Мурунку түгөйлөр Мэри жана Биллдин ажырашканына 20 жыл болгон. Ага карабастан Мэри мурунку жолдошу жардамга муктаж кезде өмүрүн сактап калуу үчүн бөйрөгүн бергенге макул болгон. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Мэри жана Билл 24 жыл бирге чогуу жашап, 2 балалуу болгон соң ажырашууну чечишет. Алар 14 жашында таанышып, 4 жылдан кийин баш кошушкан. Ажырашкан учурда Мэри менен Билл достук мамилесин сактап калууга макулдашышкан.