Депутат Аалы Карашев: "Өкмөт транспорт жана жолдор министри кызматына талапкер таба албай жатса керек"

Былтыр 15-декабрда транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кызматтан бошотулган. Буга министрдин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалганы себеп болгон. Ошол убакыттан бери аталган кызматка эч ким дайындала элек. Транспорт жана жолдор министрин дайындоо кечигип жатат.

SUPER.KG порталынын "Өкмөттө кадрдык кризиспи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев жооп берди.

Ал белгилегендей, өкмөт мүчөсү кызматынан кеткен же бошотулган учурда премьер-министр 5 жумушчу күндүн ичинде бош кызмат ордуна талапкерди Жогорку Кеңешке сунушташы керек.

"Жаңы жылга чейин өкмөт башчыдан сунуш түшкөн эмес. Азыркы учурда депутаттар аймактарды кыдырып жүрөбүз, өкмөт башчыдан сунуш түшкөнүн же түшпөгөнүн билбейм. Кыргыз өлкөсүндө кесипкөй, билимдүү жигиттерибиз көп. Өкмөт жетекчиси чечкиндүүлүк кылып, ошолордун ичинен татыктуусун тандап алып ишеним көрсөтсө болмок. Өкмөттө кадрдык кризис бар же жок деп айта албайм. Өкмөт транспорт жана жолдор министри кызматына талапкер таба албай жатса керек", - дейт Карашев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Эмил Токтошев, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Максат Чакиев, саясий серепчилер Нурсултан Акылбек, Марат Казакбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан