Былтыр 15-декабрда транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кызматтан бошотулган. Буга министрдин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалганы себеп болгон. Ошол убакыттан бери аталган кызматка эч ким дайындала элек. Транспорт жана жолдор министрин дайындоо кечигип жатат.
SUPER.KG порталынын "Өкмөттө кадрдык кризиспи?" деген соболуна саясий серепчи Марат Казакбаев жооп берди.
Ал билдиргендей, өкмөттө реалдуу деле кризис жок.
"Транспорт жана жолдор министрлигине жаш кадрларды алып келбей жатышат. Эски кадрлар менен коррупцияга малынып эле жүрөбүз. Министрликтеги бардык жетекчилерди алмаштырыш керек. Өлкөдө мыкты адистер бар, бирок аларды кызматка жолотпой жатышат. Президент муну жакшы түшүнбөй жатат. Министрдин орун басары пара алууга шектелип кармалды, демек, команданын баары коррупцияга малынган. Министрликтин жетекчилик кызматына жаш кадрлардын келүүсү шарт", - дейт Казакбаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Аалы Карашев, Эмил Токтошев, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Максат Чакиев, саясий серепчилер Нурсултан Акылбектин пикири төмөнкү шилтемеде.